Зинедин Зидан «Пари Сен-Жерменди» жетектөөдөн баш тартты

Француз машыктыруучусу Зинедин Зидан «Пари Сен-Жерменди» жетектөөдөн баш тартты.

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, өткөн аптада Зидан клубдун жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, бирок париждиктердин сунушунан баш тарткан.

Ага карабастан, клуб кийинки сезондо ПСЖнын устаты Зидан болот деп күтүүдө.

Зидан машыктыруучулук карьерасын эки жолу Испания чемпионатын жана үч жолу Чемпиондор Лигасын жеңген “Реал Мадридде” баштаган.