Февраль айынын соңку ишембиси жумуш күнү болот. Эмгек министрлигинен эске салышкандай, буга чейин министрлер кабинети майрам күндөрүн жылдыруу боюнча токтом кабыл алган.
Ага ылайык, 26-февраль, ишемби 5-январдагы эс алуу үчүн иш күнү болот. Ал эми шаршемби, 23-февралда Кыргызстанда Ата-Мекенди коргоочулар майрамы белгиленип, бул күнү эс алуу жарыяланат.