Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды алып келүү азырынча мүмкүн эмес

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды алып келүү азырынча мүмкүн эмес.

Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Ниязалиев билдиргендей,

биздин өлкөнүн жарандарын мекенине алып келүүгө чартердик каттамдарды

ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жок. Буга башка мамлекеттер аба майдандарын

жабып, каттамдарды токтоткону себеп. Учурда дүйнөнүн 42 өлкөсүндө

Кыргызстан жарандары бар. Белгилеп кетсек, 20-марттан бери чет мамлекеттерден

чартердик каттам менен 5 миңге жакын кыргызстандык алынып келинген.