12 жылдык билим берүүгө өтүү кошумча каражатты талап кылбайт

12 жылдык билим берүүгө өтүү кошумча каражатты талап кылбайт.

Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча азыркы бюджеттин чегинде модель иштелип жатат.

Эске салсак, Кыргызстанда эми балдар 6 жашынан тарта 1-класска барууга милденттендирилет.

Анын алкагында, өлкөдө мектептер 12 жылдык билим берүүгө өтөт.

Муну менен 0-класс жоюлуп, мектептеги билим берүү 1-класстан башталат.

Ал эми 2-классты балдар 1-класстын программасы менен окуп баштайт.

Мындай өзгөртүүлөр кийинки жылдан тарта ишке кирүүсү күтүлүүдө.