“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору боюнча мамлекеттик банктардын бирине 1 миллиард 800 миллион сом бөлүндү.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, жалпы сумманын 50 пайызы мал чарбачылыгына, 25 пайыздан кем эмес бөлүгү — өсүмдүк өстүрүүчүлүккө, дагы 25 пайызы айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагына берилет.