17 жаштагы америкалык жеңил атлетчи олимпиаданын 8 жолку чемпиону Усэйн Болттун рекордун жаңылады

17 жаштагы америкалык жеңил атлетчи олимпиаданын 8 жолку чемпиону Усэйн Болттун рекордун жаңылады. Өспүрүм жеңил атлетика лигасынын мелдештеринде 200 метрди 20,11 секундда чуркап өттү. Ал эми Усэйн Болттун 2003-жылы койгон рекорду 20,13 секундду түзөт.

 

Белгилеп кетсек, ямайкалык Усэйн Болт 8 ирет олимпиада оюндарында жеңишке жетип, 11 жолу дүйнө чемпиону аталган.