Бишкек мэриясы маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосу качан аяктай турганын билбейт

Бишкек мэриясы маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосу качан аяктай турганын билбейт. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

 

Чиновниктин айтымында, кечээ ал ташуучу фирмалардын өкүлдөрү менен жолукту. Алардын бир эле талабы бар – жол кирени 15 сомго жеткирүү. Бирок бул суроону сентбрда шаардык кеңеш депутаттары гана чече алат.

 

Белгилеп кетсек, Унаа жана жолдор министрлиги 34 транспорттук ишканага эскертүү берди. Алардын ар бирин 13 миң сомдон айыпка тартуу пландалууда.