18-19-августта Чемпиондор лигасынын жарым финалдык беттештери өтөт

18-19-августта Чемпиондор лигасынын жарым финалдык беттештери өтөт.

Жарым финалисттердин биринчиси – Германия чемпионатынын коло сыйлыгына татыган

“РБ Лейпциг” клубу франциялык “ПСЖ” менен кездешет. Экинчиде – Франция чемпионатынын

коло байгенин ээси “Лион” жана Германиянын чемпиону “Бавария” командасы ойнойт.

Белгилеп кетсек, акыркы 13 жыл аралыгында испаниялык команда Чемпиондор лигасынын

жарым финалында алгачкы ирет ойнобойт. Турнирдин учурдагы фаворити катары “Бавария” аталууда.

Клуб чейрек финалда “Барселона” командасын 8:2 эсебинде жеңип алды.