Жаңы жылдан тарта милиция кызматкерлеринин айлыгы 40 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди. Ал белгилегендей, учурда тратип сакчылардын орточо маянасы 8-15 миң сомду түзөт.
1-январдан тарта алардын айлыгы 18-20 миң сомго жеткирилет. Негизги айлыктан тышкары, укук коргоо органдарынын ардагерлерине пенсияларды жана кошумча акыларды жогорулатуу каралган.
Ошондой эле, меджардам көрсөтүү, санаторийлерде дарылануу, турак-жайдын ижарасын жабуу үчүн жөлөк пул берүү жана бийик тоолуу шарттарда иштөө үчүн акыларды кошуу бар.