4 көзөмөл-өткөрүү түйүнүндө 120 видео камера орнотулду

4 көзөмөл-өткөрүү түйүнүндө 120 видео камера орнотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Абдикарипм Алимбаев билдирди. Анын айтымында, алар учурда “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, “Чалдыбар” жана “Достук” өткөрүү түйүндөрүндө иштеп жатат.

 

Чек арачылардын иши күнү-түнү эми байкоо алдында. Бул мамлекеттик чек араны кайтарууну жакшыртып, мыйзам бузууларды алдын алат деп пландалууда.