Кыргыз казак чек арасындагы 2 өткөрмө пункт жабылат

Кыргыз казак чек арасындагы 2 өткөрмө пункт жабылат. Бул тууралуу вице-спикер Мирлан Бакиров билдирди. Анын айтымында, 2020-жылдын январь айынан тарта кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Кордай» жана «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пункттары оңдоо иштери үчүн жабылат. Казакстан оңдоо иштери үчүн 5 миллиард 500 миллион теңге, Кыргызстан 300 миллион сом… Кененирээк…

Эд Ширан музыкалык карьерасын токтотот

Британиялык белгилүү аткаруучу Эд Ширан музыкалык карьерасын токтотот. Ошондой эле социалдык тармактардан баш тартты. Бул тууралуу ал Instagram баракчасында пост жазып калтырды. Ширандын айтымында, ал 2017-жылдан бери тынымсыз жана эс алуусуз иштеди. Ушундан улам белгисиз убакытка чейин музыка чөйрөсүнө кайтпайт. Ал эс алуу убактысын китеп… Кененирээк…

Ошто суу каптаган шахтадан жоголгон жарандын денеси табылды

Ошто суу каптаган шахтадан жоголгон жарандын денеси табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Оштун Баглан айылына жакын жерде жайгашкан шахтаны суу каптаган. Анын ичинде Кызыл-Кыя шаарынын 1996-жылкы тургуну калып калган. Куткаруучулар сууну сордуруп, издөө иштерин жүргүзүштү. Каза тапкан жарандын денеси түндө табылып,… Кененирээк…

Дүйнөдө фуболчуларга эң көп акы төлөгөн клубдар

Дүйнөдө фуболчуларга эң көп акы төлөгөн клуб «Барселона». Анын  оюнчусунун жылдык орточо айлыгы 12 жарым миллион долларды түзөт. Андан кийин мадриддик «Реал» клубу эсептелет. Ал бир оюнчуга жылына орточо 11 миллион доллардан ашык төлөйт. Үчүнчү орунда 10 миллион доллар менен «Ювентус» клубу турат. Эскерте кетсек,… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында туристтик карталар орнотулду

Жалал-Абад шаарында туристтик карталар орнотулду. Аталган шаардык мэриядан билдиришкендей, алар калаадагы борбордук көчөлөрдө жана эл көп каттаган жайларда жалпысынан 41 даанасы жайгашты. Анда облустун негизги туристтик объектилерине Шах-Фазиль, Саймалуу-Таш сыяктуу тарыхый комплекстерге, Кан-Ачуу, Падыша-Ата, Арсланбап жана Сары-Челек коруктарына чейинки аралыктар жазылган. Ошондой эле андан, кызмат… Кененирээк…

Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу кыймылга жабык

Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу кыймылга жабык. Бул тууралуу Унаа жана жол министрлигинен novosti.kg ге билдиришти. Маалыматка караганда,  Ош облусунун Кара-Кулжа районунда аталган тилкенин 85-чакырымына көлөмү 6 миң куб метр кар массасы түштү. Учурда аталган тилкеде атайын техника жана жолчулар карды тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Ал эми… Кененирээк…

Россияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, 2 киши каза тапты

Россияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, 2 киши каза тапты. Кыргызстандын Новосибирсктеги башкы консулдугунан кабарлашкандай, кыргызстандык жарандар Новосибирск шаарынан келе жатып кырсыкташкан. Кесепетинен 50 жана 31 жаштагы 2 адам каза болуп, 28 жаштагы жаран башынан жаракат алган. Ал учурда жалпы палатага которулду. Каза болгон 2 жаран Ош облусунун тургундары, — деп айтылат маалыматта.

Оштун борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын оту салтанаттуу жанды

Оштун борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын оту салтанаттуу жанды. Балатынын бийиктиги 27 метрге жетти. Ал эми жылдызчасы эки метрди түзөт. Кыш сулуусу миңдеген диоддук шамдар менен кооздолду. Быйыл ал этно стилде жасалгаланды. Андан тышкары, борбордук аянтка илюминациялар жана түрдүү фигуралар коюлду. Жаңы жылга карата борбордук… Кененирээк…

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынын өткөрөт

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу  өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага жалпы 188 журналист аккредитациядан өттү. Республикалык массалык маалымат каражаттарынан жана Тышкы иштер министрлигинде аккредитацияланган чет өлкөлүк журналисттер болот, — деп айтылат маалыматта. Белгилеп кетсек, президенттин маалымат жыйыны Бишкектеги… Кененирээк…

Сүлүктү шарында акыркы 20 жылда 260 миң тонна көмүр өндүрүлдү

Сүлүктү шарында акыркы 20 жылда 260 миң тонна көмүр өндүрүлдү. Бул тууралуу шаардын мэри Рахманберди Абдуназаров билдирет. Анын айтымында, учурда 32 көмүр шахтасы иштеп жатат. Быйыл дагы 7өө ачылды. Чыгарылган кара отундар Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстанга экспорттолот. Кошумчаласак, шахталарда жумуш учурунда кырсыктар катталып жатат. Бул… Кененирээк…