Ошто суу каптаган шахтадан жоголгон жарандын денеси табылды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Оштун Баглан айылына жакын жерде жайгашкан шахтаны суу каптаган.
Анын ичинде Кызыл-Кыя шаарынын 1996-жылкы тургуну калып калган.
Куткаруучулар сууну сордуруп, издөө иштерин жүргүзүштү.
Каза тапкан жарандын денеси түндө табылып, туугандарына тапшырылды, — дешти министрликтен.