Ушул жылы Бишкекте 50 гектар жердеги көк майсан кайра калыбына келтирилет

  Ушул жылы Бишкекте 50 гектар жердеги көк майсан кайра калыбына келтирилет. Бул тууралуу “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынан novosti.kgге билдиришти. Маалыматка караганда, учурда даярдыктар башталды. Ак-Ордо конушунун Гагарин көчөсүндө казуу иштери жүрүп, топурагы жер деңгээлинен түшүрүлүп жатат. Ошондой эле Фучик көчөсүнөн Кустанай тилкесине чейин… Кененирээк…

Кыргызстанда былтыр эмдөөдөн баш тарткандардын саны 6,5 миңди түздү

Кыргызстанда былтыр эмдөөдөн баш тарткандардын саны 6,5 миңди түздү. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова билдирди. Анын айтымында, эмдөөдөн баш тартып жаткан ата-энелердин саны жыл сайын көбөйүп жатат. Эмдөө жүргүзүүгө ата-энелерге маалымат жеткирүү боюнча иш алып барабыз. Вакциналардын сапаты көзөмөлдө турат.… Кененирээк…

22 жыл аралыгында Кыргызстанда жол курууга 1 миллиард 956 миллион доллар сарпталды

22 жыл аралыгында Кыргызстанда жол курууга 1 миллиард 956 миллион доллар сарпталды. Ага каражаттын бөлүнүшү насыя жана гранттык негизде. Унаа жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдиргендей, 1996-жылдан 2018-жылга чейин 2 миң 79 чакырым тилке кайра калыбына келтирилди. Анын 310 чакырымында учурда иштер жүрүп жатат. Мындан… Кененирээк…

Электрондук кызматтар боюнча порталга дагы эки сервис кошулду

Электрондук кызматтар боюнча порталга дагы эки сервис кошулду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Мындан ары portal.srs.kg сайты аркылуу “Балага сүйүнчүнүн” төлөмдөрүн жана нике күбөлүгүнүн аныктыгын текшерүүгө болот.   Бул үчүн  “Үй-бүлө жана бала” бөлүмүнө кирүү керек.  Электрондук кызматтар порталы — атайын түзүлгөн платформа. Андан унаа тууралуу… Кененирээк…

Быйылкы калкты жана турак-жай фондун каттоодо 5 форма толтурулат

Быйылкы калкты жана турак-жай фондун каттоодо 5 форма толтурулат. Биздин радиого Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, кошумча жаңы суроолор киргизилди. Алсак, бул жолу жарандарга 1 жылдан ашык миграцияда жүргөндөр жана убактылуу каттоого тургандар боюнча дагы суроо берилет.   Андан тышкары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер тууралуу маалымат чогултулат.… Кененирээк…

Кыргызстанда “Өлбөс полк” акциясына даярдыктар башталды

Кыргызстанда “Өлбөс полк” акциясына даярдыктар башталды. Кыймылдын координатору Зульфира Хайбуллина билдиргендей, азыркы тапта полктун колоннасынын маршруту боюнча болжолдуу макулдашуу жүрүп жатат.   Акциянын катышуучулары салт болуп калгандай, Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан өчпөс отко чейин басып барат.  Акция Бишкекте 2014-жылдан бери өткөрүлүүдө. Былтыр ага 50… Кененирээк…

Бишкектеги Ататүрк эс алуу багы оңдолот

Бишкектеги Ататүрк эс алуу багы оңдолот. Мэриянын маалыматына ылайык, кайра калыбына келтирүү иштерине Түркия кайтарымсыз негизде 500 миң доллар бөлүп берет.   Эс алуу аймагын жаңыртуу боюнча эскиздик долбоор муниципалитет тарабынан иштелип чыгып, учурда түрк тараптын кароосунда.

2 айда эле Бирдиктүү реестрге 88 миң бузуу катталды

2 айда эле Бирдиктүү реестрге 88 миң бузуу катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Ведомстводон такташкандай, милиция тарабынан 1 миң 446 эскертүү берилип, дээрлик 136 миллион сомго айып салынды.   Белгилеп кетсек, Кылмыштардын бирдиктүү реестри — бузуулар боюнча бардык маалыматты каттоо жана… Кененирээк…

Нарын облусунда Жаңы-Жол трассасы 1-апрелге чейин жабык болот

Нарын облусунда Жаңы-Жол трассасы 1-апрелге чейин жабык болот. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, буга чейин аталган тилкеде таш түшкөн. Жабыркагандар жок. Учурда тазалоо иштери уланууда.   Аба-ырайынын начар шарттарынан улам, таштар дагы түшүшү мүмкүн. Андыктан, кырсыктарды алдын алуу максатында, Нарын районунун администрациясы жолду жаап туруу… Кененирээк…

Кыргызстан бул жылы электр энергияны коңшу мамлекеттерге экспорттобойт

Суунун аз келүү мезгили болгондуктан,  Кыргызстан бул жылы электр энергияны коңшу мамлекеттерге экспорттобойт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров жарыялады.   Анын айтымында, быйыл республика өзү электр энергиясын башка өлкөлөрдөн сатып алууга аргасыз. Импорт кайсы мамлекеттерден келе турганы азырынча белгисиз. Учурга карата бул жаатта… Кененирээк…