Кыргызстанда “Өлбөс полк” акциясына даярдыктар башталды

Кыргызстанда “Өлбөс полк” акциясына даярдыктар башталды. Кыймылдын координатору Зульфира Хайбуллина билдиргендей, азыркы тапта полктун колоннасынын маршруту боюнча болжолдуу макулдашуу жүрүп жатат.

 

Акциянын катышуучулары салт болуп калгандай, Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан өчпөс отко чейин басып барат.  Акция Бишкекте 2014-жылдан бери өткөрүлүүдө. Былтыр ага 50 миң адам катышты.