Нарын облусунда Жаңы-Жол трассасы 1-апрелге чейин жабык болот

Нарын облусунда Жаңы-Жол трассасы 1-апрелге чейин жабык болот. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, буга чейин аталган тилкеде таш түшкөн. Жабыркагандар жок. Учурда тазалоо иштери уланууда.

 

Аба-ырайынын начар шарттарынан улам, таштар дагы түшүшү мүмкүн. Андыктан, кырсыктарды алдын алуу максатында, Нарын районунун администрациясы жолду жаап туруу чечимин кабыл алды. Айдоочуларга айланма трасса сунушталат.