Ордо калааны көрктөндүрүүчү гүлдөр даяр

Ордо калааны көрктөндүрүүчү гүлдөр даяр. “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, күнөсканаларда 840 миң гүл ачылды. Алардын катарында Агератум, Бегония, Катарантус, Георгин, Колеус, Алиссум, Петуния, Пеларгония, Сальвия жана Цинния бар. Жакынкы арада аталган ишкананын кызматкерлери көчөлөрдөгү клумбаларга гүлдөрдү отургузуп башташат. Негизинен жыл сайын гүл… Кененирээк…

Ордо калаада тротуар жана веложолчолор масштабдуу түрдө курула баштады

Ордо калаада тротуар жана веложолчолор масштабдуу түрдө курула баштады. Учурда Айтматов проспектисинде иштер кызуу жүрүп жатат. “Тазалык” жана Жер пайдалануу башкармалыгынын кызматкерлери келечекте пайда болчу курулуштун аймагындагы объектилердин ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Муну менен, аталган тилкедеги жогорку окуу жайлардын темир тосмолору алынды. Мыйзамсыз орнотулган… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 63 миллион доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк «Аймакты өнүктүрүү» долбоорунун алкагында 63 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Эки тараптуу келишимдин алкагындагы каражат Ош облусун өнүктүрүүгө багытталган. Анын алкагында аймактык өнүгүү, Ош шаарынын инфратүзүмү, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү бар.

Түркмөнстан аймагы аркылуу кыргызстандык айдоочуларды өткөрбөйт

Түркмөнстан аймагы аркылуу кыргызстандык айдоочуларды өткөрбөйт. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдиргендей, бул тууралуу аталган өлкөдөн расмий нота келди. Түркмөнстан 18-февралда чек арасын жапкандыктан, 76 кыргызстандык айдоочу Ирандын аймагында калып калган. Эске салсак,  бул сандар улам жаңыланып, тактоо иштери уланып жатат. Кырдаал боюнча учурда Азербайжан жана Россия… Кененирээк…

АКШда карантинге алынган лайнерде 2 Кыргызстандык бар

АКШда карантинге алынган лайнерде 2 Кыргызстандык бар. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кемедеги 21 адамдан коронавирус аныкталды. Учурда Кыргызстандыктардын абалы жакшы, бардык жүргүнчүлөр өз каюталарынан чыкпай кармалып жатышат. Элчилик бул маселени көзөмөлүнө алып, кемедеги Кыргызстан жарандары менен тынымсыз байланышта.. Аталган кеме тез жардамга жана ооруканага жаткырууга… Кененирээк…

Японияда коронавируска байланыштуу карантинге алынган саякат кемесиндеги кыргызстандык Бишкекке кайтып келди

Японияда коронавируска байланыштуу карантинге алынган саякат кемесиндеги кыргызстандык Бишкекке кайтып келди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ал дарыгерлердин  көзөмөлүнө алынды. Ал 14 күн обсервацияда болот.   Анализдери текшерилип жатат. Япониянын жээгине келген саякат кемеси 3-февралдан тартып вирустун айынан карантинге алынган. Андагы кыргызстандык  Аскердик госпиталда байкоого… Кененирээк…

Бишкекте 15 миң жүргүнчү жол кирени “Тулпар” карталары менен төлөп жатат

Бишкекте 15 миң жүргүнчү жол кирени “Тулпар” карталары менен төлөп жатат. Бул тууралуу долбоорду ишке ашырган компаниянын өкүлү Арсен Кондахчан билдирди. Ал белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата көк түстөгү картадан 70 миңден ашыгы сатылды.   Эске салсак, 1-марттан тарта Бишкекте электрондук билеттештирүү системасы ишке кирди. Коомдук… Кененирээк…

Март айынын алты күнүндө Бишкекте 2 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Март айынын алты күнүндө Бишкекте 2 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу  Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бузуулардын 58и спирт ичимдиктерин ичип рулга отурууга байланыштуу болсо, 44ү айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандар болгон.   Жалпысынан, 366 унаа айып токтотмого жеткирилсе,… Кененирээк…

Мамлекеттик экотехинспекциянын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

Мамлекеттик экотехинспекциянын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, 6-мартта өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекциясынын Талас облусундагы башкармалыгынын башкы инспектору жана инспектору пара алып жаткан учурунда колго түшүрүлдү.   Алар жеке ишкананы текшеребиз… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүү үчүн 30 миллион сом бөлүндү

Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүү үчүн 30 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди. Анын айтымында, өкмөткө дагы кошумча каражат бөлүп берүү тууралуу сунуш киргизилди.   Учурга карата чек арада өлкө аймагына киргендерди текшерүү үчүн дарыгерлер топтору иштеп жатат. Коронавирустун… Кененирээк…