Бишкектин Ленин райондук салык кызматы башкармалыгынын бөлүм башчысы менен инспектору пара менен кармалды

Бишкектин Ленин райондук салык кызматы башкармалыгынын бөлүм башчысы менен инспектору пара менен кармалды. Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, жооптуу кызматтагы адамдар жеке компаниянын эсепчисинен салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын оң жакка чечип берүү үчүн 25 миң доллар талап кылышкан.   Сумманын 5 мин доллары буга чейин эле… Кененирээк…

Google, Facebook, Amazon, Microsoft компаниялары кызматкерлерине үйдөн иштөөгө уруксат берди

Google, Facebook, Amazon, Microsoft компаниялары кызматкерлерине үйдөн иштөөгө уруксат берди. Бул коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн жасалууда, — деп билдирет  Business Insider.   Эске салсак, февраль айында технологиялык ири компаниялар кызматкерлерине командировкаларга, конференцияларга барууга убактылуу тыюу киргизген болчу.

Бишкектин айрым аймагында 4 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймагында 4 күнгө газ өчүрүлөт. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, 9-марттан 13үнө чейин көгүлтүр от Красный строитель конушунда, Жаманбаев, Гагарин, Островский, Бакаев, Алтымышев, Табалдиев көчөлөрүн, Айтматов проспектисин бириктирген бөлүктө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Иваново шаарынын тургуну президент Владимир Путинге үйлөнүү сунушун киргизди

Иваново шаарынын тургуну президент Владимир Путинге үйлөнүү сунушун киргизди. Чет элдик басылмалары билдиргендей, Россиянын лидери балдар ооруканасы менен таанышып чыгып, шаар тургундары менен сүйлөшүп туруп калган.   Ошол убакта элдин арасынан бир кыз келип “мени аялдыкка алыңызчы” деп айткан. Ага Путин “Жакшы сунуш экен. Рахмат. Атыңыз… Кененирээк…

Муфтият коронавирусту алдын алуу максатында түлөө өткөрдү

Муфтият коронавирусту алдын алуу максатында түлөө өткөрдү. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чарага муфтий, аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, казылар жана аксакалдар катышты.   Түлөөгө 2 бодо мал союлду. Анын эти кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, жергиликтүү жамаатка бөлүнүп берилип, таратылды. Мындай түлөө эми өлкөнүн башка аймагында дагы… Кененирээк…

Ирандагы айдоочулар Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты

Кыргызстандын 54 айдоочусу Ирандын аймагында. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди. Анын айтымында, алар Азербайжан менен Түркмөнстан коронавирустун айынан чек араларын жаап салгандыктан, Ирандан чыга албай калышты.   Учурда ведомство жарандарды мекенине кайтаруунун ар кандай жолдорун карап жатат. Айдоочулар жардам сурап,… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус катталган жок

Кыргызстанда коронавирус катталган жок. Жугуштуу илдеттин алдын алуу штабынын маалыматына ылайык, сырттан келип жаткандар кылдат текшерүүгө алынууда. Чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда.   Аба компаниялары менен түзүлгөн келишим боюнча, жүргүнчүлөр учактан түшүрүлбөй туруп, тепловизор көзөмөлүнөн өткөрүлүп жатат.  Кыргызстанга чет жактан келген бардык жарандар… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактары бүгүн жарыксыз калат

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактары бүгүн жарыксыз калат. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин электр энергиясы Элебесов, Исанов көчөлөрүндө, 6-кичи райондо, Рухий-Мурас, Ак-Өргө конуштарында, Аламүдүн, Таш-Дөбө, Көк-Жар, Гроздь, Орок айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кара-Суу шаарынын мэри кызматтан кетти

Кара-Суу шаарынын мэри кызматтан кетти. “Азаттыктын” маалыматына ылайык, Кутугали Козубаев үй-булөлүк шартына байланыштуу, иштен кетүү бонча арыз жазды. Ал бул кызматты 2017-жылдан бери аркалап келген.   Кара-Суу шаарынын башчысынын милдетин вице-мэр Шавкат Осмоналиев аткарып турат.

Бишкектин эл ташыган унаалары текшерилип жатат

Бишкектин эл ташыган унаалары текшерилип жатат. Коронавирус жана сасык тумоодон улам, санэпидем көзөмөл борборунун кызматкерлери коомдук транспортту каттамга чыгар алдында текшерүүдө, — дешти Унаа жана жолдор министрлигинен.   Андан тышкары, республикалык маанидеги бекеттер жана станцияларда нөөмөттөгү адистер жүргүнчүлөр отурган залдарды, ашканаларды дезинфекциялап, элге түшүндүрүү иштерин… Кененирээк…