Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүү үчүн 30 миллион сом бөлүндү

Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүү үчүн 30 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди. Анын айтымында, өкмөткө дагы кошумча каражат бөлүп берүү тууралуу сунуш киргизилди.

 

Учурга карата чек арада өлкө аймагына киргендерди текшерүү үчүн дарыгерлер топтору иштеп жатат. Коронавирустун алдын алуу иш-чараларына жалпысынан 500дөн ашык медициналык кызматкер тартылды.