Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 63 миллион доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк «Аймакты өнүктүрүү» долбоорунун алкагында

63 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин

басма сөз кызматы билдирди. Эки тараптуу келишимдин

алкагындагы каражат Ош облусун өнүктүрүүгө багытталган.

Анын алкагында аймактык өнүгүү, Ош шаарынын инфратүзүмү,

чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү бар.