Ат-Башы районундагы мал базар ушул жекшемби, 7-июнда ачылат.
Башка райондогу кырдаалдан улам базарга бир гана Ат-Башы аймагынын
тургундары кире алат, — деди аким Нурбек Сатаров. Аталган райондо
карантин режими күчүндө болгондуктан, базардын кире беришинде пост уюштурулат.
Келгендер беткапчан болушу шарт. Ошондой эле базардын иштөө мөөнөтү чектелген.