Быйыл Кыргызстанда 260 миңден ашык түп бак-дарактар отургузулат.
Көчөттөр калктуу түйүндөргө, шаар, айыл жана кыштактарга отургузулат, — дешти
Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинен. Маалыматка караганда,
алардын арасында ийне жалбырактуу, жаңгак жана мөмөлүү дарактын түрлөрү бар.
Агенттиктен белгилешкендей, республикадагы балдар бакчаларын
жашылдандыруу иштерине да 250 миң түп көчөттөр бөлүндү.