Польшада 28-июнда президенттик шайлоо өтөт.
Эгер добуш берүү ачык-айкын болбосо ал 2 жумадан кийин кайра экинчи тур менен уюштурулат.
Бул тууралуу парламенттин төмөнкү палатасынын спикери Эльжбета Витек билдирди.
Мындай чечимди мамлекеттик шайлоо комиссиясы колдоого алды. Эске салсак, буга чейин
10-майга белгиленген президенттик шайлоону дистанттык түрдө уюштуруу пландалган.
Бирок карантин учурундагы шайлоого оппозиция жана укук коргоочулар каршы чыккан.