АКШда 4 полиция кызматкерине айып тагылды.
Бул тууралуу Миннесота штатынын башкы прокурорунун кеңсесине таянуу менен
америкалык басылмалар билдирет. Маалыматка ылайык, камакка алынган 1 полиция кызматкери
40 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Дагы 3 кызматкерге кылмышка көмөктөшүү айыбы тагылууда.
Кошумчаласак, АКШда расалык теңсиздикке каршы башаламан толкундоолор токтой элек.
Өлкөнүн 40тан ашык шаарына коменданттык саат киргизилди.
29 штатта 18 миң Улуттук гвардиянын аскерлери иштеп жатат.