2064-жылы дүйнө калкынын саны 9 миллиард 700 миллионго жетет

2064-жылы дүйнө калкынын саны 9 миллиард 700 миллионго жетет. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, ошол эле учурда 2100-жылы дүйнө жүзүндө жашоочулардын саны 8 миллиард 800 миллионго чейин төмөндөйт. Бул кош бойлуулуктан сактануунун кеңири таралышы жана аялдардын билим деңгээлинин жогорулашы менен байланыштуу. Белгилеп кетсек, 10-июлга карата дүйнө калкынын саны… Кененирээк…

Быйыл маданият тармагындагы окуу жайларга тапшыруу онлайн режиминде өткөрүлөт

Быйыл маданият тармагындагы окуу жайларга тапшыруу онлайн режиминде өткөрүлөт. Бул тууралуу маданият министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, мындай мектептерге кабыл алууда кыйынчылыктар болууда. Пианино, хореография жана башка багыт боюнча кабыл алуу атайын залдарга өткөрүлүшү керек болчу. Бирок Республикалык штабдын чечими чыкмайынча маданият тармагындагы окуу… Кененирээк…

БШК айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына тактоо киргизди

Борбордук шайлоо комиссиясы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына тактоо киргизди. Конституциялык мыйзамга ылайык, алдын ала түзүлгөн шайлоочулардын тизмеси www.tizme.gov.kg порталында добуш берүүгө 80 күн калганда жайгаштырылат. Ал эми шайлоо участокторунда мындан 10 күн эрте илинет. Эске салсак, өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленди.

ММКФ медициналык каражаттарды сатып алууга 5 миллиард сом жумшады

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медициналык каражаттарды сатып алууга 5 миллиард сом жумшады. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков билдирди. Анын айтымында, фонддун бюджетине жалпысынан 7 миллиард сом чогулду. Каражаттын басымдуу бөлүгү медицина кызматкерлеринин эмгек акысына, препараттарды жана жеке коргонуучу каражаттарын сатып алууга… Кененирээк…

Бишкекте дагы бир күндүзгү стационар ачылды

Бишкекте дагы бир күндүзгү стационар ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, ал Жал кичи районундагы №95 мектепте жайгашат. Анда 37 орун даярдалды. Мындан тышкары Кара-Жыгач конушундагы ресторанда да 50 орундуу стационар ачуу пландалууда. Кошумчаласак, ордо калаадагы 15 күндүзгү жана түнкү стационарлар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Ага жалпысынан 36… Кененирээк…

Түркия Орусия менен аба каттамын жандандыруу ниетинде

Түркия Орусия менен аба каттамын жандандыруу ниетинде. Бул тууралуу Anadolu агенттиги Түркиянын транспорт министрлигине таянуу менен жазды. Бирок Росавиация бул маалыматты тастыктай элек. Түркиянын авиакомпаниялары Россиянын шаарларына билеттерди 1-августтан кийинки каттамдарга сатууда. Жүргүнчүлөрдөн COVID-19 вирусу жоктугу тууралуу маалымкат талап кылынат. Кошумчаласак, учурда Россиядан менчик учактарда… Кененирээк…

Ордо калаадагы театрлар 1-августтан баштап кадимки режимде иштеши ыктымал

Ордо калаадагы театрлар 1-августтан баштап кадимки режимде иштеши ыктымал. Маданият министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, эпидемиологиялык абал турукташпаса алар онлайн режиминде ишин улантат. Учурда Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын rusteatr.kg сайтына кирип, спектаклдерди көрсө болот. Ошондой эле ар бир театрдын өзүнүн сайты иштеп жатат. Жаманкулов… Кененирээк…

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетту электрондук почта аркылуу берүүгө болот

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетту электрондук почта аркылуу берүүгө болот. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, аны буга чейин отчетту баруу тартибинде берип келгендер гана кыла алышат. Отчетту Салык кызматынын сайтындагы электрондук калькулятор аркылуу толтуруп, аймактык салык органынын электрондук почтасы аркылуу жөнөтүү зарыл. Даректердин тизмеси sti.gov.kg сайтында жеткиликтүү.

Кыргызстанда «Клексан» жана «Гепарин» препараттарын алмаштыруучу таблеткалар бар

Кыргызстанда «Клексан» жана «Гепарин» препараттарын алмаштыруучу таблеткалар бар. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер президент Сооронбай Жээнбеков  менен жолугушуу учуруна билдиришти. Алардын айтымында, эгер өкмөт токтом менен аталган дарыларды алмаштыруучу препараттарды бекитсе, алар менен жарандар үй шартында дарылана алат.  Бул өз кезегинде калк арасындагы… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус жана пневмонияны дарылоо үчүн хижама колдонулбайт

Кыргызстанда коронавирус жана пенвмонияны дарылоо үчүн хижама колдонулбайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирет. Анын айтымында, хижама медицина ыкмасы катары лицензияланып, клиникалык протоколдордо бекитилген эмес. Аны менен кан аркылуу оорулар жугушу ыктымал. Андыктан мындай жол менен дарылануу адам өмүрүнө кооптуулукту жаратат. Белгилеп… Кененирээк…