Бишкекте дарылардын жетишсиздиги боюнча ызы-чуу акырындап басаңдап баштады

Бишкекте дарылардын жетишсиздиги боюнча ызы-чуу акырындап басаңдап баштады.   Мэр Азиз Суракматов билдиргендей, оорубай туруп, запастап алып койгон жарандардын айынан зарыл препараттар табылбай калган.   Фармацевтикалык компаниялар кардарлардын сурамы боюнча дары-дармектерди ташып жатат. Бул алардын бизнеси болгондуктан, суроо-талапка ээ болгон препараттардын болушу ошолордун эле кызыкчылыгы.… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификаттарга 53 бүтүрүүчү ээ болду

Жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификаттарга 53 бүтүрүүчү ээ болду. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, эң мыкты жыйынтык Алай районунун Кабылан-Көл айылынын орто мектебинин окуучусу Нурбек кызы Акмаралга таандык. Ал 229 упай топтоду.   Экинчи орунда Талас жана Ысык-Көлдүн бүтүрүүчүлөрү, мыкты бүтүрүүчүлөрдүн үчилтигин Кадамжай лицейинин окуучусу бекитет.… Кененирээк…

Түз эфирде тиши түшүп калса дагы ишин уланта берген алып баруучу элди таң калтырды

Түз эфирде тиши түшүп калса дагы ишин уланта берген алып баруучу элди таң калтырды. Украинанын телеканалында жаңылыктарды окуп жаткан Маричка Падалконун алдыңкы тиши түшүп кеткен, ал аны колу менен кармап калып, эч кабатыр болбой, берүүнү уланта берген.   Соцтармактын колдонуучулары анын кесипкөйлүгүнө жана сабырдуулугуна баа… Кененирээк…

Дарыгер жана теле алып баруучу Евгений Комаровский иммунитетти бекемдөө ыкмалары менен бөлүштү

Дарыгер жана теле алып баруучу Евгений Комаровский иммунитетти бекемдөө ыкмалары менен бөлүштү. Адис инстаграм баракчасына негизги 6 эрежени жарыялады.   Комаровскийдин пикиринде, иммунитетти бекемдөөгө спорт менен машыгуу, туура тамактануу, жакшы уйку жана колду самындап жууп туруу жардам берет. Ошондой эле сууну көп ичип, спирт ичимдиктеринен… Кененирээк…

Кытайдан чартердик каттам менен кычкылтек концентраторлорунун кезектеги партиясы жеткирилди

Кытайдан чартердик каттам менен кычкылтек концентраторлорунун кезектеги партиясы жеткирилди.   Анда 200 аппарат бар. Июлдун башынан бери өлкөгө жалпысынан республикалык бюджеттин каражатына сатылып алынган 1 миңден ашык кычкылтек концентратору алынып келинди. Андан тышкары, гуманитардык колдоо көрсөтүүнүн алкагында аппараттар келип жатат, — дешти өкмөттөн.   Медицина… Кененирээк…

Францияда карантинден улам 4 ай жабык турган Диснейленд ишин жандантат

Францияда карантинден улам 4 ай жабык турган Диснейленд ишин жандантат. Анын аймагына кирүү бардык санитардык талаптарды аткаруу менен ишке ашат. Кардарлар медициналык беткап кийип, социалдык аралыкты сактап жана антисептикалык каражатты колдонуп туруусу зарыл.   Ал эми парктын кызматкерлери Диснейленддин аймагын үзгүлтүксүз дезинфекциялайт.

Москвада төрт жылдан кийин алгачкы жолу айдоочусу жок жүргөн таксилер пайда болот

Москвада төрт жылдан кийин алгачкы жолу айдоочусу жок жүргөн таксилер пайда болот. Бул тууралуу Россиянын транспорт министринин орун басары Алексей Семеновго шилтеме берүү менен «Известия» билдирди.   Тиешелүү органдар менен долоордун үстүндө иштеп, 2024-жылы алгачкы айдоочусу жок таксилер кызматын көрсөтүп баштайт, — деди Семенов.

Бүгүн Кыргызстанда коронавирустан 318 адам айыкты

Бүгүн Кыргызстанда коронавирустан 318 адам айыкты.   Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, Бишкекте 23, Чүйдө 18, Ошто 6 Жалал-Абадда 3, Баткенде 20, Нарында 3, Таласта 2 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Дагы 243 адам үйлөрүнөн дарыланган. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту 3 миң 735… Кененирээк…

Тарыхта биринчи жолу 2022-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты кышында өтөт

Тарыхта биринчи жолу 2022-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты кышында өтөт. ФИФА билдиргендей, биринчиликтин ачылыш аземи жана алгачкы оюн 21-ноябрда Катардын Эль-Гаур шаарында болот.   Тайпалык баскычтагы оюндар   2-декабрга чейин созулуп, эртеси эле жарым чейрек финалдык баскычтагы оюндар башталат. Чейрек финал 9-10-декабрда, ал эми жарым финалдык… Кененирээк…

Бишкекте Ден-соолук эс алуу багынын курулушу жыйынтыкталып калды

Бишкекте Ден-соолук эс алуу багынын курулушу жыйынтыкталып калды. Мэриянын маалыматына ылайык, 10 гектарга жайылган паркта 300 унаага токтотуучу жай уюштурулуп, 115 отургуч орнотулду.   Ошондой эле, анда футбол, баскетбол талаалары жана велодром бар. Эске салсак, Ден-соолук эс алуу багы мурдагы Сүйүү паркынын ордунда курулуп жатат.