Кыргызстанда «Клексан» жана «Гепарин» препараттарын алмаштыруучу таблеткалар бар

Кыргызстанда «Клексан» жана «Гепарин» препараттарын алмаштыруучу таблеткалар бар.

Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер президент

Сооронбай Жээнбеков  менен жолугушуу учуруна билдиришти. Алардын айтымында,

эгер өкмөт токтом менен аталган дарыларды алмаштыруучу препараттарды бекитсе,

алар менен жарандар үй шартында дарылана алат.  Бул өз кезегинде калк арасындагы

дүрбөлөңдү азайтууга жана стационарларга күч келтирбөөгө жардам берет.