Түркия Орусия менен аба каттамын жандандыруу ниетинде.
Бул тууралуу Anadolu агенттиги Түркиянын транспорт министрлигине таянуу менен жазды.
Бирок Росавиация бул маалыматты тастыктай элек. Түркиянын авиакомпаниялары
Россиянын шаарларына билеттерди 1-августтан кийинки каттамдарга сатууда.
Жүргүнчүлөрдөн COVID-19 вирусу жоктугу тууралуу маалымкат талап кылынат.
Кошумчаласак, учурда Россиядан менчик учактарда же
чартердик каттамдар аркылуу гана учуп чыгууга мүмкүн.