Жогорку окуу жайларга II турдун жыйынтыгы менен 6260 абитуриент кабыл алынды.
Анын ичинен 1130 адам бюджеттик негизде, 5130 адам келишимдик негизде билим
алышат, -дешти билим берүү министрлигинен. Ар бир турда абитуриентте 2ден талон болот.
Анын бирин келишимдик негизде, экинчисин бюджеттик негизде билим алууга таштай алат.
ЖОЖдорго кабыл алуунун акыркы туру бүгүн башталды, ал 5-августта жыйынтыкталат.
Ар бир тур аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган
абитуриенттер ЖОЖдо окуусун тастыктоосу зарыл.