Коронавирустун экинчи толкунуна даярдык катары дары-дармектерди башаламан сатып алуу сунушталбайт

Коронавирустун экинчи толкунуна даярдык катары дары-дармектерди башаламан сатып алуу сунушталбайт. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, туура эмес сакталган препараттар жардам бербей, тескерисинче, ден-соолукка зыян тийгизиши мүмкүн.   Ошондой эле, дары-дармекти колдон сатып алуу сунушталбайт.   Аларды сактоо шарттары белгисиз болгондуктан, кооптуу болуп… Кененирээк…

Төмөнкү Новгород шаарынын тургуну адашып кетип акча салынган баштыкты таштандыга ыргытып алды

Төмөнкү Новгород шаарынын тургуну адашып кетип акча салынган баштыкты таштандыга ыргытып алды. Анын үй-бүлөсү унаа сатып алууга акча топтоп, баштыкка салып жүрчү. Ал эми баласы таштандыны алып чыгам деп, дал ошол баштыкты алып чыгып, ыргытып салган.   Кийин коммуналдык кызматтын унаасын таап, акчаны таап чыгуу… Кененирээк…

Ош облусунан дарыгерлер тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Ош облусунан дарыгерлер тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, вирустун очогунда иштеген 74 медицина кызматкери көл жээкте 7 күн эс алышат.   Эске салсак, буга чейин эс алууга башка аймактардын дарыгерлери дагы жөнөтүлгөн.

Медициналык адистиктерге кошумча 90 гранттык орун бөлүндү

Медициналык адистиктерге кошумча 90 гранттык орун бөлүндү. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, каалоочулар бюджеттик негизде “Дарылоо” жана “Медицина-профилактикалык иш” багыттарына өтө алат.   Кабыл алуу Мамлекеттик медициналык академияда, Кыргыз-орус славян университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде ачылды.   Аталган гранттык орундарга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу… Кененирээк…

Кыргызстанда Баткен, Жалал-Абад жана Исфанага ички каттамдарды ачуу маселеси каралууда

Кыргызстанда Баткен, Жалал-Абад жана Исфанага ички каттамдарды ачуу маселеси каралууда. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев билдирди.   Анын айтымында, күтүлгөндөй, учактар аталган багыт боюнча августтун аягында же сентябрдын башында учуп калат. Алгачкы этапта каттамдар жумасына бир ирет аткарылат, кийинчирээк рейстер көбөйтүлүшү мүмкүн.… Кененирээк…

БШК партияларга үгүт кампаниясын көп элди чогултуу менен өткөрбөөнү сунуштайт

БШК партияларга үгүт кампаниясын көп элди чогултуу менен өткөрбөөнү сунуштайт. Бул тууралуу кененирээк БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова айтып берет.   “Ар бир партия өзүнүн үгүт формасын эркин тандоого укуктуу. Бирок былтыр мыйзамдарга айрым өзгөрүүлөр киргизилген. Мисалы, стадиондорго массалык концерттерге же спорттук иш-чараларга тыюу салынган. Биз… Кененирээк…

Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп дайындалды

Дин таануучу Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Максатбек ажы Токтомушев кол койгонун муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.   Кадыр Маликов 1972-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал 2006-2007-жылдары Борбор Азиядагы Америка университетинин социалдык иликтөөлөр борборунун исламды изилдөө тобунун жетекчиси, Кыргыз-Орус… Кененирээк…

1-сентябрь – Билим күнү 1-класстар үчүн салттуу түрдө уюштурулат

1-сентябрь – Билим күнү 1-класстар үчүн салттуу түрдө уюштурулат. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, бул күнү балдар мугалим жана мектеп менен тааныштырылат. Ошондой эле “Сүйүктүү Кыргызстаным” аттуу 1-сабак өткөрүлөт. Жусупбекова белгилегендей, массалык иш-чараларды өткөргөнгө тыюу салынат. Андыктан ар… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү жогорулады

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү жогорулады. “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда андагы суунун көлөмү 14 миллиард 609 миллион куб метрди түзөт. Муну менен суунун көлөмү 1 жума мурдагыдан 209 миллион кубга көбөйдү. Бул Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эришине байланыштуу. Буга чейин,… Кененирээк…

Италияга кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилип жатат

Италияга кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилип жатат. Өлкө аймагында акыркы сутка ичинде 640 адамдан коронавирус аныкталды. Бул карантиндик чаралар жеңилдетилген май айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Мындан улам бийлик айрым чектөөлөрдү кайра киргизе турганын жарыялады. Өлкө аймагындагы бардык бий аянтчалары жабылып, адамдар көчөдө милдеттүү түрдө бет… Кененирээк…