1-сентябрь – Билим күнү 1-класстар үчүн салттуу түрдө уюштурулат.
Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, бул күнү балдар мугалим жана мектеп менен тааныштырылат.
Ошондой эле “Сүйүктүү Кыргызстаным” аттуу 1-сабак өткөрүлөт.
Жусупбекова белгилегендей, массалык иш-чараларды өткөргөнгө тыюу салынат.
Андыктан ар бир ата-эне балдары менен санитардык талаптарды сакташы керек.
Ошондой эле республиканын бардык мектептеринде 2-класстан 11-класска чейин Билим күнү аралыктан өткөрүлѳт.