Россия Кыргызстанга 50 миллион рублден ашык суммага гуманитардык жардам көрсөттү
Россия Кыргызстанга 50 миллион рублден ашык суммага гуманитардык жардам көрсөттү. Республикалык штабдан билдиришкендей, кайтарымсыз негизде берилген жардам кыргыз-казак чек арасынын «Ак-Тилек» өткөрмө посту аркылуу жеткирилди. Коргоочу костюм, үч кабаттуу беткап, көз айнек жана башка медициналык каражаттардын жүгү саламаттыкты сактоо министрлигинин кампасына келип түштү.