Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жаңы  бала бакча жана спорт комплекси пайда болду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жаңы  бала бакча жана спорт комплекси пайда болду. Район администрациясынын маалыматына ылайык, объектилер кечээ ачылды.   Бала бакча Суу-Башы айылында жайгашып, 50 бөбөккө эсептелген. Аны курууга мамлекеттик бюджеттен 20 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми спорткомплекс Абдраимов айылында орун алган. Анын курулушуна… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда айрым ички иштер бөлүмдөрүнүн базасында “Бирдиктүү терезелер” иштеп баштады

Ысык-Көл облусунда айрым ички иштер бөлүмдөрүнүн базасында “Бирдиктүү терезелер” иштеп баштады. Аймактын ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, кеп Тоң, Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондору жана Балыкчы шаары тууралуу болуп жатат.   Аталган аймактардын тургундары эми маалымкат алуу үчүн Караколго баруу муктаждыгынан арылды. “Бирдиктүү терезе” аркылуу жарандын соттолбогону… Кененирээк…

Балдар искусство мектептери кадимки режимде иштеп баштады

Балдар искусство мектептери кадимки режимде иштеп баштады. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, тиешелүү буйрукту Маданият министрлиги чыгарды.   Ага ылайык, мектептер санитардык эрежелерди сактоо менен практикалык жеке сабактарды өткөрө алат. Белгилеп кетсек, ордо калаада 9 искусство мектеби жана 1 көркөм мектеп бар.

Парламенттик шайлоолордо ар бир тилкеде 10дон шайлоо комиссиясынын мүчөсү бекитилет

  Парламенттик шайлоолордо ар бир тилкеде 10дон шайлоо комиссиясынын мүчөсү бекитилет. Бул тууралуу кененирээк БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова айтып берет.   “Эң биринчиден, албетте шайлоону уюштуруу үчүн мурда айтып кеткендей эле, 2 миң 4625 шайлоо участогу ачылат. Ар бир участокто шайлоо комиссиясы иштейт. 10-12 шайлоо… Кененирээк…

Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын борбордук көчөсүн оңдоо иштери аяктап калды

Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын борбордук көчөсүн оңдоо иштери аяктап калды. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, жолдун узундугу 1 чакырымга жетет. Жалпы сметалык баасы 5 миллион 200 миң сомду түзөт. Жумуштарга 12 кызматкер жана 7 техника тартылган. Оңдоо иштери 21-августта башталган. Иштер жакынкы арада аягына чыгып калат.

Кыргызстанда аралыктан окутуу боюнча бир катар интернет ресурстардын даректери жарыяланды

Кыргызстанда аралыктан окутуу боюнча бир катар интернет ресурстардын даректери жарыяланды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, oku.edu.gov.kg сайтында мугалим жана ата-энелер үчүн методикалык иштелмелер жайгаштырылган. Ал эми kitep.edu.gov.kg/kg электрондук китепканасынан 700 ашык  мектеп программасына тиешелүү окуу куралдары үч тилде жеткиликтүү. Мындан тышкары ibilim.kg сайты башталгыч класстар үчүн иштелип… Кененирээк…

Россиядагы кыргызстандыктар 11 жерден добуш бере алышат

Россиядагы кыргызстандыктар 11 жерден добуш бере алышат. Өлкөнүн 10 шаарында шайлоо тилкеси бекитилди, — дешти аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигинен. Маалыматка ылайык, алгачкы эки тилке Москвада жайгашат, калгандары, Санкт-Петербург, Красноярск, Владивосток, Якутск, Иркутск, Екатеринбург, Новосибирск, Южно-Сахалинск жана Сургут шаарларындагы өлкө элчилигинин кеңселеринде жайгашат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда… Кененирээк…

Москвада мигранттарды Кыргызстанга жөнөтүүгө жардам берүүнү убадалап, акча чогулткандар кармалды

Москвада мигранттарды Кыргызстанга жөнөтүүгө жардам берүүнү убадалап, акча чогулткандар кармалды. Элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей,  жарандарды чартердик каттамдардын тизмесине киргизүүгө убадалап элден акча чогулткан 12 жарандын 20 алдамчылык фактысына тиешеси бар экени аныкталды. Шектүүлөр 435 миң 700 рубль өлчөмүндөгү материалдык зыян келтиришкен. Фактылар боюнча Россиянын… Кененирээк…

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Чүй облусуна барат

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Чүй облусуна барат. Президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, иш сапардын алкагында Москва, Жайыл райондорундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана сот органдарындагы, медицина мекемелериндеги санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышат. Ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү ишканаларынын жумушу жана калкты таза суу менен… Кененирээк…

Кыргызстанда эл аралык каржы институттарынан келген акча максаттуу пайдаланууда

Кыргызстанда эл аралык каржы институттарынан келген акча максаттуу пайдаланууда. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, жалпысынан пандемия башталган учурдан тартып эл аралык донорлордон 334 миллион доллар келди. Анын ичинен 205 миллион доллары колдонулду. Тагыраагы КОВИД-19га каршы күрөшүүгө, калктын аярлуу катмарына азык-түлүк таратууга, буудай сатып алууга ошондой… Кененирээк…