Дыйкан-Кара-Кече унаа жолуна түшкөн таштар толугу менен тазаланды

Дыйкан-Кара-Кече унаа жолуна түшкөн таштар толугу менен тазаланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, иштерге 10 инженердик техника жана 15 жумушчу тартылган. Иштер аягына чыгып, узундугу 1 чакырым 200 метрди түзгөн унаа жол эки тараптуу кыймылга ачылды. Мындан тышкары, 8 даана электр зым тиректери орнотулуп 400 метр… Кененирээк…

Жаңы окуу жылына карата өлкө боюнча 12 билим берүү объектисинин курулушу жана оңдоп-түзөө жумуштары аяктады

Жаңы окуу жылына карата өлкө боюнча 12 билим берүү объектисинин курулушу жана оңдоп-түзөө жумуштары аяктады. Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объектилер Чүй, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Талас облустарында жайгашат. Курулуп бүткөн мектептерде жалпысынан 2 миң 820 орун түзүлдү. Мектептер бардык зарыл техника жана… Кененирээк…

Британ ханзаадасы Гарри жана анын жубайы Меган Маркл тасма тартышат

Британ ханзаадасы Гарри жана анын жубайы Меган Маркл тасма тартышат. Алар продюсердик компания түзүп, «Netflix» сервиси менен эксклюзив макулдашууга кол коюшту. Жубайлар даректүү жана көркөм фильмдерди, сериалдарды тартып, балдарга арналган программаларды даярдоо ниетинде. Эске салсак, белгилүү жубайлар быйыл расмий түрдө падышалык үй-бүлөнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп… Кененирээк…

Глобалдык инновациялык индексте Кыргызстан 131 өлкөнүн ичинен 94-орунду ээледи

Глобалдык инновациялык индексте Кыргызстан 131 өлкөнүн ичинен 94-орунду ээледи. Инновация бул – конструкциялоого, өндүрүшкө же товар сатууга жаңы мамиле дегенди билдирет. INSEAD эл аралык бизнес-мектебинин 2020-жылга карата жарыялаган рейтингинде  биринчи орунду Швейцария ээледи. Андан кийин Швеция, АКШ, Улуу Британия жана Нидерланд турат. Кытай 14-сапта жайгашса Россия… Кененирээк…

Жыл ичинде Кыргызстандын алтын запасы 13 миллиард 450 миллион сомго жогорулады

Жыл ичинде Кыргызстандын алтын запасы 13 миллиард 450 миллион сомго жогорулады. Улуттук банк жарыялаган маалыматка караганда, июль айынын соңунда ал 56 миллиард 893 миллион сомго бааланган. Белгилеп кетсек, буга чейин Улуттук банктын төрагасы алтын валютанын резерви тарыхый рекордге жетип, 3 миллиард доллардан ашканын билдирген болчу.… Кененирээк…

Окумуштуулар кайсы топтогу кандын ээлери узак өмүр сүрөөрүн айтып беришти

Окумуштуулар кайсы топтогу кандын ээлери узак өмүр сүрөөрүн айтып беришти. Адистер белгилешкендей, 1-топтогу кандын ээлеринин көбүнүн ден-соолугу бекем келет. Мындай адамдар инфекция жана стресстерден жакшы корголгон. Ошондой эле алардын акыл-эси узак жылдарга чейин активдүү болот. Ал эми башка топтогу кандын ээлеринде тукум куучулук жана өнөкөт… Кененирээк…

Баткен районунда табигый кырсыктардан жабыркаган тургундарга жардам көрсөтүлдү

Баткен районунда июнь жана май айларында табигый кырсыктардан үйлөрү жабыркаган тургундарга жардам көрсөтүлдү. Мамлекеттик камсыздандыруу фондунан билдиришкендей, аймактын Лейлек, Кадамжай жана Баткен районунун 31 тургунуна сертификаттар тапшырылды. Белгилеп кетсек, айыл жериндеги үйлөр табигый кырсыктан жабыркаса мамлекеттик камсыздандыруу фонду тарабынан 500 миң сомго чейин жардам көрсөтүлөт.… Кененирээк…

Кыргызстанда Кавасаки синдрому катталган жок

Кыргызстанда Кавасаки синдрому катталган жок. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиевдин айтымында министрлик бул коркунучтуу илдеттин алдын алууга, аныктоого жана дарылоого даярдык көрүүдө. Учурда Кавасаки синдрому бар балдарды диагностикалоо жана дарылоо боюнча документти иштеп чыгуу үчүн эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Учурда Республикалык иммундук профилактика… Кененирээк…

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Скрябин, Байтик Баатыр, Абдрахманов, Токтоналиев, Ахунбаев, Медеров, Ала-Тоо, Карасаев жана Горький көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Чыгыш 5 кичирайонунда, Көлмө, Кара-Жыгач, Ак-Өргө, Алтын-Ордо жана Ак-Босого конуштарында электр энергиясы берилбейт. Убактылуу чектөө… Кененирээк…

15-сентябрга чейин Россияга Кыргызстандан 17 аба каттамы уюштурулат

15-сентябрга чейин Россияга Кыргызстандан 17 аба каттамы уюштурулат. Россиянын Бишкектеги элчилигинен билдиришкендей, Бишкек жана Ош шаарларынан күнүнө 1,2 ирет каттамдар ишке ашат. Учактар Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларына каттайт. Мүмкүнчүлүк жарандыгы барларга жана дарыланууга муктаж адамдарга берилет. Талапка ылайык, кете турган жаранда акыркы үч… Кененирээк…