Кыргызстанда аралыктан окутуу боюнча бир катар интернет ресурстардын даректери жарыяланды

Кыргызстанда аралыктан окутуу боюнча бир катар интернет ресурстардын даректери жарыяланды.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, oku.edu.gov.kg сайтында мугалим жана ата-энелер

үчүн методикалык иштелмелер жайгаштырылган. Ал эми kitep.edu.gov.kg/kg электрондук китепканасынан

700 ашык  мектеп программасына тиешелүү окуу куралдары үч тилде жеткиликтүү. Мындан тышкары ibilim.kg

сайты башталгыч класстар үчүн иштелип чыккан. Учурда сабактар телеканал аркылуу көрсөтүлөт,

эфирге чыккан видео сабактардын бары аталган сайттарга жүктөлүп жатат.