Бишкекте оңдолгон жолдорду кайра түзөө иштери жүрүүдө

Бишкекте оңдолгон жолдорду кайра түзөө иштери жүрүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, кеп, кыайлык гранттын эсебинен кайра калыбына келтирилген көчөлөр тууралуу болуп жатат.   Адистер бордюрларды, иригациялык тармакты, тротуардагы таман таштарды алмаштырып, жол чийиндерин түшүрүүдө. Иштер 43 көчөдө жүргүзүлөт. Белгилеп кетсек, кемчиликтерди атайын комиссия аныктап чыгат. Анын… Кененирээк…

“Ош” эл аралык аэропортунда 44 миллион сомго оңдоо иштери жүргүзүлөт

“Ош” эл аралык аэропортунда 44 миллион сомго оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.   Маалыматка ылайык, түштүк ордо калаанын аба бекетинин жарык берүү системасы, коммуникациялык жабдуулары жаңыртылып, аэродромдун учуп-конуу тилкеси ондолот.

Улуттук банк валюта рыногуна кийлигишти

Улуттук банк валюта рыногуна кийлигишти. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси кечээ интервенция өткөрүп, 6,6 миллион доллар сатты. Улуттук банк жыл башынан бери 10 жолу эл аралык валюта рыногуна чыгып, жалпысынан 227 миллион доллар саткан.   Белгилеп кетсек, кечээ америкалык валютанын куну кескин кымбаттап,  79 сом 50… Кененирээк…

Каракол-Эңилчек унаа жолунун сел жууп кеткен тилкесин калыбына келтирүү жүрүүдө

Каракол-Эңилчек унаа жолунун сел жууп кеткен тилкесин калыбына келтирүү жүрүүдө. Учурда жеринде атайын техника иштеп жатат, — дешти Унаа жана жолдор министрлигинен.   Маалыматка ылайык, трассада тазалоо иштери жүрүп жатат. Тилке унаа кыймылына убактылуу жабык. Эске салсак, Каракол-Эңилчек трассасынын   95-101-чакырымдары сел менен жуулуп кеткен.

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабынын алкагында калган камераларды орнотуу 2 жума ичинде башталат

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабынын алкагында калган камераларды орнотуу 2 жума ичинде башталат. Бул тууралуу novosti.kgге Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комиетинен билдиришти.   Буга чейин камералар Ахунбаев-Алыкулов көчөлөр кесилишинде пайда болгон. Учурда адистер аппараттарды башка райондорго орнотуу үчүн атайын уруксаат алып жатат. Ведомстводон белгилешкендей,… Кененирээк…

Австралиянын тургуну аялына лотерея билетин белекке берип, миллионер болушту

Австралиянын тургуну аялына лотерея билетин белекке берип, миллионер болушту. Ошол жерден ачылуучу билет чоң байлыкты алып келип, аял 4 миллион доллардын ээси болду.   Жеңүүчү мындай ийгилигине дагы эле ишене албай жүргөнүн айтат. Эми үй-бүлө бул акчага үйүн оңдоп, ысык өлкөлөрдө эс алуу ниетинде.

Бишкектеги Лев Толстой көчөсүн оңдоо иштери күздүн ортолорунда жыйынтыкталат

Бишкектеги Лев Толстой көчөсүн оңдоо иштери күздүн ортолорунда жыйынтыкталат. Мэриядан билдиришкендей, учурда иштер анын 7-апрель-Достоевский тилкесинде жүрүп жатат.   Кайра калыбына келтирүү иштери “Жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун биринчи фазасынын алкагында жүрүүдө. Муниципалитеттен белгилешкендей, тилкедеги жылуулук тармактарын куруу иштеринин айынан мөөнөт кечиктирилип жатат.

Кыргызстанда кышында электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт

Кыргызстанда кышында электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт. Буга “Электр станциялардын” директорунун орун басары Таалайбек Бектенов ишендирүүдө.   Анын айтымында, учурда Токтогул суу сактагычындагы нымдуулуктун көлөмү 15 миллиард 56 миллион кубометрди түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу, 2 миллиардга аз.   Буга карабай, энергетиктер электр энергиясынын… Кененирээк…

“Amazon” компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос  кайрадан дүйнөнүн эң бай адамы

“Amazon” компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос  кайрадан дүйнөнүн эң бай адамы. Рейтингди “Forbes” жарыялады. 3-жолу катары менен биринчиликти алып жаткан Жефф Безостун байлыгы 179 миллиард доллар.   Экинчиде “Microsoft” компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс — 111 миллиард доллар. 85 миллиард доллар байлыгы менен “Facebook”тун  ээси Марк Цукерберг үчүнчү орунда.

Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки 6га чейин жарык Огонбаев, Тыныстанов, Токтогул, Менделеев көчөлөрүндө, Ак-Өргө, Арча-Бешик, Рухий-Мурас конуштарында, Кашка-Суу, Кой-Таш, Байтик, Сокулук, Шалта айылдарында, Шопоков, Кара-Балта шаарларында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.