Каракол-Эңилчек унаа жолунун сел жууп кеткен тилкесин калыбына келтирүү жүрүүдө. Учурда жеринде атайын техника иштеп жатат, — дешти Унаа жана жолдор министрлигинен.
Маалыматка ылайык, трассада тазалоо иштери жүрүп жатат. Тилке унаа кыймылына убактылуу жабык. Эске салсак, Каракол-Эңилчек трассасынын 95-101-чакырымдары сел менен жуулуп кеткен.