Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 1-октябрдан 4-октябрга чейин “Торугарт”, “Иркештам” өткөрүү түйүндөрү жабык болот. Бул Кытайдын Күз жана Билим майрамдарына байланыштуу. Түйүндөр ишин 5-октябрда жандантат. Белгилеп кетсек, пандемия шартындагы алгоритмге ылайык, учурда Кытайдан Кыргызстанга товар алып кирүүгө гана уруксат.