АКШда пицца жеткирип иштеген пенсионер чай үчүн 12 миң доллар алды

АКШнын Рой шаарында пиццага буйрутма берген кардар аны жеткирип иштеген пенсионерге чай ичип кой деп 12 миң доллар  берди. Today басылмасы билдиргендей, 89 жаштагы Дерлин Ньюнинин пенсиясы эсептерди төлөөгө жетпегендиктен, ал кошумча акча табуу үчүн жумасына 30 саат пицца жеткирип иштейт. Анын туруктуу кардары Карлос Вальдез… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда бет кап тагынуу режими күчөтүлдү

Ысык-Көл облусунда бет кап тагынуу режими күчөтүлдү. Тиешелүү чечим облустук ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды. Маалыматка ылайык, жарандар эми коомдук унааларда, эл топтолгон жерлерде жана базарларда коргонуу каражаттарын тагынышы керек. Ошондой эле, коомдук унаалардын айдоочулары да талапты аткарышы шарт. Мындан тышкары, тиешелүү орган жетекчилерине санитардык-гигиеналык… Кененирээк…

Ак-Суу районунун Пионер айылына алгачкы ирет таза суу системасы тартылууда

Ак-Суу районунун Пионер айылына алгачкы ирет таза суу системасы тартылууда. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, бул максатта мамлекеттик бюджеттен 18 миллион сом каралган. Учурда жалпы суммадан 3 миллион сом бөлүнүп, иштер старт алды. Ирригациялык тармактарды орнотуу менен айыл аймагына 6,5 миң таза суу түтүгү тартылат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россияга расмий сапар менен учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков Россияга расмий сапар менен учуп кетти. Өлкө башчы аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, сапардын алкагында Жээнбеков Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Жолугушуу Сочи шаарында өтөт. Россияга болгон иш сапар жыйынтыкталгандан кийин президент расмий сапар менен Венгрияга барат.

Кыргызстанда кышка даярдануу планга ылайык жүрүп жатат

Кыргызстанда кышка даярдануу планга ылайык жүрүп жатат. Бишкек жана Ош ТЭЦтери жылуулук сезонуна даяр. Бул тууралуу Өнөр жай жана энергетика комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Бишкек ТЭЦине июнь айында 5 миң, августта 10 миң тонна кара отун ашыкча жеткирилген. Эми 30-сентябрдан тартып… Кененирээк…

Милиция кызматкерлери Бишкектеги шайлоо тилкелерин күнү-түнү кайтарып башташты

Милиция кызматкерлери Бишкектеги шайлоо тилкелерин күнү-түнү кайтарып башташты. Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, ордо калаадагы шайлоо тилкелерине жалпысынан 500 милиция кызматкери бөлүнгөн. Белгилеп кетсек, шайлоо күнүндө коомдук коопсуздукту 11 миң милиция кызматкери камсыздайт. Негизинен добуш берүүгө 1 жума калганда милициянын толук курамы кызматтын күчөтүлгөн режимине… Кененирээк…

Россияда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктарга медициналык жардам толугу менен көрсөтүлөт

Россияда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктарга медициналык жардам толугу менен көрсөтүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай макулдашуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жетишилди жана жабыркагандарга бир айлык маяна төлөнүп берүү каралды. Эске салсак, Москва облусунун Ступин районундагы логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, Кыргызстандын 49… Кененирээк…

Британиялык тургундун үйүнөн табылган эски чайнек 495 миң долларга сатылды

Британиялык тургундун үйүнөн табылган эски чайнек 495 миң долларга сатылды. РИА Новости билдиргендей, табылга Кытайдын Цяньлун императорунун башкаруусундагы доорго таандык. Буюмдун мурдагы ээсинин айтымында, чайнек ага Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Азиядан Улуу Британияга алып келген чоң атасынан калган. Аукциондогу лоттун баштапкы наркы 50 миң доллар болгон.… Кененирээк…

Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда

Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда. Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиевдин айтымында, бул үчүн ар кандай инновациялык материалдар колдонулууда. Ошондой эле ак, сары, жашыл, кара сыяктуу ар кандай түстөр да кеңири пайдаланыла баштаган. Бирок натыйжаны күчөтүү максатында кызыл түстү да колдонуп көрүү каралууда.

50 миллион евро капиталы менен Кыргыз-венгер өнүгүү фонду түзүлөт

50 миллион евро капиталы менен Кыргыз-венгер өнүгүү фонду түзүлөт. Президент Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен 28-29-сентябрда өлкөгө расмий сапар менен барат. Анда кызматташуу тууралуу бир катар документтерге кол коюлат. Алардын катарында эң негизгиси — бул стратегиялык кызматташтык жөнүндө биргелешкен декларация каралат.… Кененирээк…