Ош облусунда жер титирөө катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, зилзала түндө саат 2,5да болуп,
очогунда күчү 4 баллга жетти. Жер силкинүүсү Алай районундагы Ачык-Суу, Жайылма,
Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат
боюнча жер титирөөдөн жабыр тарткан адамдар жана кыйроолор жок.