WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот

WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот. Анын жардамы менен мессенджердин ичиндеги атайын чаттан колдоо кызматына байланышса боло турганын WeBetaInfo порталы билдирди.   Маалыматка ылайык, Android үчүн оңдоп-түзөөлөр менюсунда жаңы бөлүм киргизилди. Анда колдонуучу көйгөйлөр жөнүндө сурам түзүп, атайын чаттан техникалык адис менен байланыша алат. Функция тестирлөөдөн өтүүдө.

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында бүгүн электр энергиясын берүү чектелет

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында бүгүн электр энергиясын берүү чектелет.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, саат 9дан кечки 6га чейин жарык Шота Руставели, Ахунбаев, Тыналиев, Орозбеков, Тыныстанов көчөлөрүндө, Чыгыш-5 кичи районунда, Ак-Босого, Арча-Бешик конуштарында, Кашка-Суу, Көк-Жар, Гроздь, Беловодск, Сокулук айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук… Кененирээк…

Жаныбек Жалалов өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Жаныбек Жалалов өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Жаныбек Жалалов буга чейин Баткен шаарынын мэри, өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси болуп иштеген.   Аймактын буга чейинки башчысы Алишер Абдрахманов кызматтан бошотулду.

БШК кайра шайлоону 20-декабрга белгилөөнү сунуштады

БШК кайра шайлоону 20-декабрга белгилөөнү сунуштады. Комиссиядан түшүндүрүшкөндөй, бул жыл жаңырганга чейин жыйынтыктарды чыгарып жетишиш үчүн ыңгайлуу дата.   Андан тышкары Жогорку Кеңешке шайлоо дайындалганга чейин парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосун жана күрөөнү түшүрүү, №2 форма тартиби менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү… Кененирээк…