Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында бүгүн электр энергиясын берүү чектелет.
“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, саат 9дан кечки 6га чейин жарык Шота Руставели, Ахунбаев, Тыналиев, Орозбеков, Тыныстанов көчөлөрүндө, Чыгыш-5 кичи районунда, Ак-Босого, Арча-Бешик конуштарында, Кашка-Суу, Көк-Жар, Гроздь, Беловодск, Сокулук айылдарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.