Бишкекте Жукеев Пудовкин көчөсүн куруу иштери кийинки жылы аяктайт

Бишкекте Жукеев Пудовкин көчөсүн куруу иштери кийинки жылы аяктайт. Бул тууралуу novosti.kgге “Бишкек асфальт сервис” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, трассанын жалпы узундугу 1 чакырым 200 метрди түзөт жана ал 6 тилкелүү болот. Жаңы жол Аалы Токомбаевден Сухэ Баторго чейин созулат

Бишкек мэриясы накталай төлөгөндөр үчүн жол кирени жогорулатууну пландап жатат

Бишкек мэриясы накталай төлөгөндөр үчүн жол кирени жогорулатууну пландап жатат. Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов билдиргендей, мындай жаңычылдык жарандарды электрондук билеттештирүүгө өткөрүү үчүн сунушталып жатат. Эске салсак, 1-марттан тартып муниципалдык унааларда “Тулпар” электрондук билеттештирүү системасы ишке кирди. Мэриядан эскертишкендей, аталган мөөнөттөн тартып,… Кененирээк…

Чүй облусунун Байтик айылынын мектеп-интернатындагы окуучулардын уулануу себеби иликтенет

Чүй облусунун Байтик айылынын мектеп-интернатындагы окуучулардын уулануу себеби иликтенет. Мындай тапшырманы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева тиешелүү мамлекеттик органдарга берди. Эске салсак, кечээ Байтик айылынын мектеп-интернатынын 8 жаштан 20 жашка чейинки 23 тарбиялануучусу ооруканага уулануу менен жеткирилди. Аларга тийешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда балдардын абалы канааттандыраарлык.

Жогорку Кеңеш Референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш Референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алды. Жыйынга 63 депутат каттоодон өттү, алардын төртөө каршы добуш берди. Вице-спикер Мирлан Бакиров билдиргендей, көпчүлүк добуш менен мыйзам долбоор кабыл алынды. Документ кыргызстандыктар башкаруунун кандай формада — пардаменттик же президенттик түрдө жашагысы келээрин сунуштайт.… Кененирээк…

Ордо калаанын “Ынтымак” эс алуу багында ишемби жана жекшемби күндөрү жаңы жылдык жарманкелер уюштурулат

Ордо калаанын “Ынтымак” эс алуу багында ишемби жана жекшемби күндөрү жаңы жылдык жарманкелер уюштурулат. “Шаар парктары” муниципалдык башкармалыгынын жетекчиси Калича Умуралиева билдиргендей, алгачкы иш-чара келе жаткан эс алуу күндөрү өтөт.   Андыктан, “Ден-соолук” жана “Ынтымак” эс алуу бактарынын ортосундагы жол тосулат.   Ошол жерде жарманке… Кененирээк…

Бишкекте коомдук транспорт үчүн атайын тилке ачылышы күтүлөт

Бишкекте коомдук транспорт үчүн атайын тилке ачылышы күтүлөт. Бул тууралуу шаардык троллейбус башкармалыгынын начальниги Артур Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, учурда эки көчө каралып жатат – Түштүк магистраль жана Чүй проспектисинин тилкелери.   Өзүнчө тилкелерди түзүү боюнча бардык суроолор архитекторлор менен талкууланат. Пландын ишке ашуу мөөнөтү… Кененирээк…

Баштапкы капиталы 50 миллион долларды түзгөн  кыргыз-өзбек инвестициялык фонду түзүлөт

Баштапкы капиталы 50 миллион долларды түзгөн  кыргыз-өзбек инвестициялык фонду түзүлөт. Макулдашуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары, инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушууда жетишилди.   Айдын аягына чейин инвестициялык долбоорду ишке ашыруу чечими расмий кабыл алынат, — дешти… Кененирээк…

Дүйнө жүзү боюнча өндүрүштүн көлөмү пандемияга чейинки абалына  2-3 жылдан кийин келет

Дүйнө жүзү боюнча өндүрүштүн көлөмү пандемияга чейинки абалына  2-3 жылдан кийин келет. Дүйнөлүк банктын башчысы Дэвид Мэлпаска шилтеме келтирип, “Известия” билдиргендей, Кытай калыбына келе баштады.   Анын аркасы менен Япония акырындык менен оңолуу жолуна түштү. Бул түндүк-чыгыш Азияга да таасирин тийгизет. Ал эми адистердин айтымында,… Кененирээк…

Германияда кийинки жылы Айга посылкалар жөнөтүлүп баштайт

Германияда кийинки жылы Айга посылкалар жөнөтүлүп баштайт. Арыздарды кабыл алуу башталды. 460 долларга кардарга атайын капсуланы айга жөнөтүү сунушталат.   Ал эми салмагы жана көлөмү чоңураак буюмдарды жөнөтүүнүн акысы кымбатыраак болот. Алсак, 1 килограммдык посылканы жөнөтүүнүн баасы 1 миллион долларды түзөт. Жөнөткөн кишине анын буюму… Кененирээк…

Бишкекте “акылдуу аялдамалар” пайда болушу мүмкүн

Бишкекте “акылдуу аялдамалар” пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов билдирди.   Анын айтымында, “акылдуу аялдамаларда” маршруттук таксилердин, автобус-троллейбустардын каттамы тууралуу маалыматты чагылдырган электрондук такта орнотулуп, ошондой эле, аларда вай-фай дагы пайда болот.   Аялдамалар качан модернизацияланат, белгисиз. Эске… Кененирээк…