Бишкекте коомдук транспорт үчүн атайын тилке ачылышы күтүлөт. Бул тууралуу шаардык троллейбус башкармалыгынын начальниги Артур Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, учурда эки көчө каралып жатат – Түштүк магистраль жана Чүй проспектисинин тилкелери.
Өзүнчө тилкелерди түзүү боюнча бардык суроолор архитекторлор менен талкууланат. Пландын ишке ашуу мөөнөтү азырынча айтылбайт. Бул шаар бюджетине көз каранды.