Бишкекте “акылдуу аялдамалар” пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов билдирди.
Анын айтымында, “акылдуу аялдамаларда” маршруттук таксилердин, автобус-троллейбустардын каттамы тууралуу маалыматты чагылдырган электрондук такта орнотулуп, ошондой эле, аларда вай-фай дагы пайда болот.
Аялдамалар качан модернизацияланат, белгисиз. Эске салсак, муниципалитет транспорт жана транспорт инфраструктурасы департаментин түзүү ниетиенде.