Бишкек мэриясы накталай төлөгөндөр үчүн жол кирени жогорулатууну пландап жатат.
Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов билдиргендей,
мындай жаңычылдык жарандарды электрондук билеттештирүүгө өткөрүү үчүн сунушталып жатат.
Эске салсак, 1-марттан тартып муниципалдык унааларда “Тулпар” электрондук билеттештирүү
системасы ишке кирди. Мэриядан эскертишкендей, аталган мөөнөттөн тартып,
жол кирени төлөө толугу менен накталайсыз түрдө болушу керек