Бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгүндө жаңы жылдык жарманке иштеп баштайт

Бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгүндө жаңы жылдык жарманке иштеп баштайт. Мэриядан билдиришкендей, ал 29-декабрга чейин Ала-Тоо аянтынын жанындагы Курман Датка эстелегинин жанында жайгашып, күндүзгү саат 12ден кечки 6га дейре иштейт.

 

Анда шаар тургундары жакындарына жаңы жылга карата өзгөчө белектерди, сувенирлерди таба алат.