Кыргызстанда дагы 447 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 447 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 123, Ошто 61, Чүйдө 118, Таласта 11, Нарында 6, Ысык-Көлдө 42, Жалал-Абадда 44, Баткенде 42 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 69 миң 341ге жетти.