Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск бир күндө 15 миллиард долларын жоготуп, дүйнөдөгү эң бай адам макамынан ажырады

Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск бир күндө     15 миллиард долларын жоготуп, дүйнөдөгү эң бай адам макамынан ажырады. Tesla’нын акцияларынын 8,6 пайызга кыйрашынан улам ишкердин байлыгы   183 миллиард долларга түшүп кетти. Буга ишкердин биткоиндин баасы боюнча берген комментарийи себеп болушу мүмкүн экени белгиленди.

 

Буга чейин Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде биринчи орунга жайгашкан.