Ош жана Нарында инфекциялык ооруканалардын курулушу дагы эле жыйынтыктала элек

Ош жана Нарында инфекциялык ооруканалардын курулушу дагы эле жыйынтыктала элек. Бул тууралуу 24 агенттигине Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

 

Андан түшүндүрүшкөндөй, буга Социалдык өнөктөш фонду тарабынан каражат берилбей калганы себеп болду. Буга чейин объектилердин курулушу 89 пайызга жыйынтыкталды деп айтылган болчу. Оштогу оорукана 100 орунга чакталса, Нарындагы инфекциялык оорукана 70 орунга эсептелген.