Түндүк-Түштүк трассасындагы тилкенин курулушун премьер-министр жеке көзөмөлүнө алды

Түндүк-Түштүк трассасындагы тилкенин курулушун премьер-министр Улукбек Марипов жеке көзөмөлүнө алды. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, Эпкин – Башкууганды тилкесинде иштеп жаткан куруучу компания менен түзүлгөн келишим былтыр декабрда шарттар аткарылбаганынан жокко чыгарылган. Учурда жаңы тендер даярдалууда. Марипов белгилегендей, унаа жана жолдор министрлигинин алдында иштерди тездетип жана аны… Кененирээк…

Робот тарткан сүрөт аукционго коюлат

Робот тарткан сүрөт аукционго коюлат. Гонконгдук компания жараткан София аттуу роботтун эмгектери 12-секунддук видеодон турат. Күтүлгөндөй анын 3 картинасы сатыкка чыгат. София келечекте адамдар менен башка тармактарда да кызматташкысы келет. Эске салсак, аталган адам келбеттүү робот 2015-жылы түзүлгөн.

Кыргызстан муфтийи 5-апрелде шайланат

Кыргызстан муфтийи 5-апрелде шайланат. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилигине сегиз адам ат салышууда, — дешти муфтияттын басма сөз кызматынан. Бул күнү Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги курултайы өтөт. Анда ошондой эле Аалымдар кеңешине жана Борбордук текшерүү комитетине өкүлдөр шайланат.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары кызматтан бошотулду

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары Нурболот Үсөнбаев жана Мадамин Каратаев кызматтан бошотулду. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай чечим өкмөт тарабынан кабыл алынды. Анын себеби айтыла элек. Эске салсак, Каратаев министрдин орун басары кызматын 2018-жылдын июнь айынан бери ээлеп келсе, Үсөнбаев 2020-жылдын… Кененирээк…

Ордо калаада кайсы тармактын адистерине суроо-талап жогору экени айтылды

Ордо калаада кайсы тармактын адистерине суроо-талап жогору экени айтылды. Novosti.kgге Бишкек шаардык иш менен камсыз кылуу башкармалыгынан билдиришкендей, барынан тигүүчүлөр, официант, бармен, айдоочу, сатуучу жана байланыш  операторлору кыйынчылыгы жок жумуш таба алышат. Анын ортосунда барынан жогорку маянаны байланыш тармактарынын жана кыймылсыз мүлк агенттигинин кызматкерлери, ошондой… Кененирээк…

Кыргызстан Россиядан кумшекер жана өсүмдүк майын сатып алат

Кыргызстан Россиядан кумшекер жана өсүмдүк майын сатып алат. Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, азык-түлүккө болгон бааны турукташтыруу максатында 500 тонна күн карама майы жана 3 миң тонна кум шекер жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү. Аталган азыктар Кыргызстанга апрелде импорттоло баштайт. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда өсүмдүк майынын 1 литри… Кененирээк…

Бишкекте аз камсыздалгандар үчүн кийим-кече чогултууга арналган кайрымдуулук фонддор пайда болот

Бишкекте аз камсыздалгандар үчүн кийим-кече чогултууга арналган кайрымдуулук фонддор пайда болот. 20 контейнер ири соода аймактарында орнотулат. Аларга жарандар керексиз кийим, бут кийим жана оюнчуктарды калтыра алат.   Муну менен активисттер буюмдарга экинчи дем берүү ниетинде. Мындай кайрымдуулук фонддору жакынкы арада орнотулат.

Бишкекте 5 эмдөө түйүнү ачылат

Бишкекте 5 эмдөө түйүнү ачылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Алар үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында жайгашат.   Ошондой эле Чүй жана Ош облустарында экиден түйүн ачылат. Вакцинация процедурасына даярдыктан өткөн медицина кызматкерлери тартылат. Эске салсак, Кыргызстанда эмдөөнүн биринчи этабын баштоо үчүн даярдыктар жүрүүдө.  … Кененирээк…

Кыргызстандын футболчулары Непалдын командасы менен беттешет

Бүгүн, 25-мартта Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасынын оюнчулары (U-23) «Үч улуттун кубогу» мелдешинин алкагында Непал курама командасы менен беттешет. Оюн Катманду шаарынын «Дасаратх Рангасала» стадионунда, Бишкек убактысы боюнча саат 17:45те башталат.   Мелдеш 21-мартта башталган. Ага Бангладеш жана Непал өлкөлөрүнүн футбол боюнча улуттук курама командалары… Кененирээк…

Японияда Олимпиада отунун эстафетасы башталды

Японияда Олимпиада отунун эстафетасы башталды. Биринчи факел көтөргөндөр Япониянын аялдар футбол командасы болушту. Олимпиада отунун эстафетасы Токиого чейинки бардык 47 аймактан өтөт.   Олимпиада оюндары коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылдын жай мезгилине жылдырылган.